Таласта 19 жашатагы кыздын жансыз денеси табылды
Кылмыш жана кырсык  |   |  1822

30-апрелде Талас шаарындагы токойдон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу 4-майда облустук милициядан билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда кыздын сөөгү облустук ооруканага жеткирилген. Милиция маркумдун денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.

Аталган факты Жазык кодексинин 139-беренеси (“Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Каза болгон кыздын ата-энеси эч кимге эч кандай арыз доосу жок экенин айтып, экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями