www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Сонунбүбү Кадырова менен талаш жараткан Конституция боюнча пикир алыштык.

-Сонунбүбү эже, Конституциянын жаңы долбоору жарыяланары замат неге негативдүү, каршы пикирлер жаай баштады?

-Мен, Конституциянын жаңы редакцияланган вариантын көрө элекмин. Ал жарыяланганы менен  кабыл алына элек да. Чырдабай эле турсак баары ордуна келет. Кемтиги оңолот. Азыр Конституция жаман жазылып калыптыр деп, жаңы бийликти сындап, каралаштын кажети жок. Конституциялык кеңешме түзүлүп, коомчулукка талкууга коюлат. Бул болжолду варианты болсо керек.

-Эгер референдум болсо, бир эле Конституция тууралуу сөз болобу же альтернативдүү түрдө дагы бир Конституция сунушталабы?

-Мен билгени курултайдын аксакалдары башка Башмыйзам иштеп жатышат. Менин сунушум референдумга эки Башмыйзам коюлса туура болмок. Бийликтегилер сунушумду кабыл алышса, маселе  калыс чечилип, талаш азаймак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости