www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түркиянын жашыруун кызматы бардык нюанстарды аныктап туруп ушул кадамга баргандай», - деди бүгүн, 7-июлда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.

«Негизинен саткындар эч убакта эл болбойт. Элине батпай, элине жан тартпай, анан башка элге келип коргологон адамды кучак жайып тосуп алып, жакшы, гумандуу болбой эле койсок кантет. Мектеп куруп кыргыздын балдарын окутту дейсиздер. Кандай окутту. Кандай адамдарды чыгарды ушул жагына көңүл буралы. Кыргызды кыргыз дебеген, өз ата тегинин кандай экенине маани бербеген, башка элдердин нарк-насилине суугарылган муунду тарбиялап берди. Биз көп суммадагы акчаны берип балдарыбыздын башка маданиятка калыптандырууга өзүбүз жол бердик.

Анан ал биздин граждандуулукту алуу менен өз өлкөсүнүн да атуулу бойдон калган.

Демек, Орхан Инанды Кыргызстандын канчалык деңгээлде атуулу болсо, Түркиянын деле ошончолук жараны болгон.

Негизи мыйзамдарыбыздын чийкилиги чоң роль ойногондой. Түркиянын жашыруун кызматы бардык нюанстарды аныктап, тактап туруп ушул кадамга баргандай.

Ага каабай Садыр Жапаровго импичмент жарыялап, Камчыбек Ташиевди отставкага кетсин деген болбогон келжирек сөз. Анткени, бул маселенин тамыры тереңде. Азыр эле чыга калган жок. Эгер кимдир бирөө жооп бере турган болсо, кош жарандуулук кайсы президенттин убагында кирген болсо ошол жооп берет»,- деди Кадырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости