www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Сонунбүбү Кадырова менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Сонунбүбү эже, Кыргызстанга конституциялык реформа керекпи? Бүгүн конституциялык реформага ашыкпаш керек деген саясатчылардын, юристтердин жоон тобу пайда болду го?

-Албетте, кандай тоскоолдуктар болсо да конституциялык реформаны ишке ашырыш керек. Анткени, бул баш мыйзам башынан эле чала өлүк болуп жазылган. Бири-бирине каршы беренелер толтура. Азыркы өлкөдө болуп жаткан баш аламандык да мына ушунун негизинде болуп жатат. Биз эгемендүү эл катары өз менталитетибизге ылайык мыйзамдар менен жашашыбыз зарыл. Мына ошондо гана өсүп, өнүгүү деген болот. Ушул маселенин үстүндө Чоюн Өмүралиев деген агабыз өмүрүн арнап, көз майын коротуп, акыл-парасатын төшөп, көп жылдан бери иштеп, жазып келе жатат. Садыр Нургожоевич ушул инсанды чакырып, сүйлөшүп кеңешип көрсө жакшы болот эле.

-Эми Садыр Нуркожоевич конституциялык реформага ашыкпаш керек деген топко туруштук бере алабы?

-Туруштук бере алат. Анткени, конституциялык реформанын зарылчылыгы жок дегендер эскиге көнүп, жаңы жашоону каалабай, ушул замандан майлуу орун таап, ыңгайлашып алгандар. Алар  жегичтер, түлкүлөр, чөөлөр. Май талкандан айрылып калбайлы деп жанталашып жатышат.

-Эмне үчүн мурун аны элдик лидер деп таанууга аракет кылган саясатчылардын көпчүлүгү азыр ишин жөндөй албайт деген сыяктуу пикирлерди айта башташты?

-Алар бийлик алмашуу мынчалык тез жана оңой болбойт  деп ойлошкон. Кырдаал булар күтпөгөндөй болуп кетти. Мурун мактап, артыкчылыгын баса белгилеген саясатчылардын көпчүлүгү Садыр Нуркожоевичке оппонент болуп калышты. Ошон үчүн элге жаман көрсөтүү максатында ыгы келсе да, келбесе да сындап, калпыс коомдук пикир жаратууга аракет кылып, жалындуу сөздөрдү сүйлөп жатышат. Тагыраагы, анын ийгилигине ичтери күйүп жатат.

-Президенттин милдетин аткаруучу бүгүн бирди, эртең башканы сүйлөп, президенттик жана өкмөт башчылыкка даяр эмес деген сындар айтыла баштады. Андай сындар жүйөлүү элеби?

-Негизи Садыр Нуркожоевичтин ойлорунун өзөгү таза. Түпкүрүндө жамандыгы жок. Ошол сөздү да ар түрдүү сүйлөткөндөр жыра тартып, өзүнүн качанкы чирип бүткөн идеяларын таңуулагандар болуп жатса керек. Менин байкашымча, Садыр Нуркожоевичке өзүнүн отуз жылдан бери догма болгон ойлорун керемет деп ынандыргысы келгендер бара калып жатышат, жанын койбой. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “мага идея менен келгиле” деп кайрылып жатканынан эле жаңы идеяларды издеп жатканын байкаса болот. Ким эмне десе да баары жакшы болооруна мен бөркүмдөй ишенем.

-Эмнегедир коомчулукта Садыр Жапаров атка тескери минип алып чаап баратат деп сындап жатышат. Чын эле өз билгенин кылып, баш-аягы жок иштер менен алек болуп жатабы?

-Садыр Жапаров өтө таланттуу инсан. Ойлоп тапкыч. Изденгич. Ойго келбеген кадамдарды жасап жибере турган реформатор. Мен ошол сапатын сыйлайм, ишенем. Башкаларга таң калыштуу көрүнгөн чечимдерди да кабыл алып жибере турган жери да бар. Ошондуктан атты тескери минип алды деп сындап жатышат. Чынында ал алар күтпөгөн кадамдарды жасап, мамлекет үчүн пайдалуу иштер менен алек болот.

-Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров президенттик шайлоого ат салышаарын айтты. Эми шайлоодо атаандаштарына утулуп калбайбы?

- Утулбайт. Эл деле түшүнүп калды. Бу сапар да буюрса колдоп алат. Президенттикке аттанган талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровго тең келчү кандидатты көрбөй турам.

-Неге Кыргызстанда эрте турган саясатчынын баары эле президент болууга ашыгышат?

-Себеби, Кыргызстанда көзөмөл жок. Президент болгон  адам эсеп-чот бербейт. Аны кылымыш, муну кылымыш болуп жүрүп кетип калам дагы өмүр бою мамлекеттин кароосунда болом деп кыялдангандар көп. Бирок, алы келбей куулуп кетип жатпайбы. Президент болуш эле оңой дейсиңби.

-Жаңы бийлик шайлоону административдик ресурсу жок, чыныгы атаандаштыктын  негизинде өткөрүүгө күчү жетеби?

-Күчү жетет. Буюрса, адилеттүү, административдик  ресурсту колдонбой чыныгы атаандаштыктын негизинде  таза шайлоо өткөрөт. Бирок, көнүп калган эски саясатчылар тоскоол болушу мүмкүн. Шайлоодо тоскоолдуктар болбош үчүн бардык мамлекеттик кызматтарга жаңыча ой жүгүрткөн жетекчилер келиши керек эле. Баарын алмаштырууга үлгүрбөй калды. Алар жаңы бийликке  эски ыкмаларын колдонуп,  шайлоодо кыйынчылык жаратышпаса экен.

-Жаңы бийликтин аракеттерин колдоого алса болобу?

-Албетте, колдоого татыктуу. Ойлору туура, жолу түз. Ачык жана сергек. Бирок, ошол ойлордон чаргытып, жыра тартып, тумандатып жаткандар да бар. Биз, коомчулук жаңы бийликти колдошубуз керек. Жардам берип, идеяларды сунуш кылып колдон, буттан алышыбыз зарыл. Азыр жаңы бийлик кыркы чыга элек баладай. Суук көздөн, суук сөздөн сактап, калкалап өстүрүп алыш биздин милдет.

-Баса, айрымдар Садыр Жапаровдун колдоочулары башка  талапкерлерге ооп кетти деген пикирлерди айтып жатышат го?

-Анын баары жалган сөз. Чынында мынчалык эл эли менен, журт журту менен түрүлө колдогон саясатчы буга чейин болгон эмес. Садыр жапаровдун талапкерлери эч жакка ооп кетиши  мүмкүн эмес. Тескерисинче, башка саясатчыларды колдогондор Садыр  Жапаровго ооп жатат.

-Сонунбүбү эже, айрымдар Садыр Жапаров бийликке күтүлбөгөн, ойдо жок жерден келди десе, айрымдар тымызын даярдык болгонун айтышууда. Ал бийлик алмашаарын билгенби?

-Садыр Нуркожоевич өзү көп жыл элдин таламын талашып, чындыкты айтып келгендиги үчүн эл  колдоого даяр болуп калган. Өзү да даяр болуп келди. Негизи шайлоо жакшы өтпөсө эл көтөрүлүп чыкканы  калган.

Демек, бул кырдаал дал өзүндөй болбосо да кандайдыр бир деңгээлде бийлик алмашаары белгилүү   болуп калган. Бийлик алмашканда Садыр Жапаровдун бийлик башына келгени  мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Себеби, мындай учурда жоопкерчиликти моюнга алганга андан башка эч ким даай алмак эмес.

-Садыр Жапаров бийлик башына каралардын күчү менен келди же күтүлбөгөн жерден келдиби? Эмнегедир ал бийликке келгенден бери аны каралар менен байланыштыргысы келгендер арбын болууда...

-Эң негизгиси Жапаров эл деген адам. Мынчалык элдин таламын талашкан саясатчы боло элек. Ким эмне деп караласа да, ал элдин колдоосу, элдин жардамы менен келди.

-Жаңы бийликтин коррупционерлерди кустурам деген демилгеси мындан ары токтоп калбайбы?

- Токтобойт. Президент болуп калса мындан да катаал эреже, мыйзамдар кабыл алынат. Аны азырынча айтпай турса керек деп ойлойм. Себеби, эл ошону жасатат. Эл азыр башка. Элден чыга албайт.

-Жаңы бийликти башка мамлекеттер тааныбай жатканы мамлекет үчүн опурталдуу эмеспи?

- Башка мамлекеттер шайлоо өтсө тааныйт. Албетте, толук кандуу бийлик болбогондугу үчүн ишеничтүү мамиле болбойт. Бирок, бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости