www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары жана анын экономикага тийгизүүчү кесепеттерин азайтуу боюнча Өкмөттүн антикризистик планы талкууланды. Антикризистик чаралардын комплекстүү планын тездетип кабыл алуу зарылдыгы белгиленди.

Мамлекет башчысы түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, макроэкономикалык кырдаалды жолго коюуга жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектигин баса белгиледи. 

Өзгөчө абал киргизилген аймактардагы калкка эң зарыл болгон азык-түлүктөрдү жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Муну менен бирге өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында калктын социалдык аялуу катмарына даректүү жардам көрсөтүүгө олуттуу көңүл буруу керек.

Президент ошондой эле медицина кызматкерлерине максималдуу колдоо көрсөтүүнүн, аларды бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздоонун маанисин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Республикалык ыкчам штаб бардык түзүмдөрдү координациялоону күчөтүшү керектигин, жарандардын, медиктердин жана жер-жерлерде комендатура менен кызматташууга тартылган башка адамдардын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүсү зарылдыгын билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт коронавирус инфекциясынын өлкө экономикасына терс таасирин азайтуу боюнча бардык чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча иштер тууралуу, башка антикризистик чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө кеңири айтып берди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча материалдык каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости