www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экендигине дагы бир ирет ынандым», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырып жаткандыгын расмий жарыялап жатып.

Ал Кыргызстандын тарыхы 6-октябрга чейин жана андан кийинки учуру деп өлчөнүп калганын баса белгиледи.

«Бул факт. Бул бурулуш бизге эмне алып келет — тарых жана убакыт өз баасын берет.  Бул күндөр ар бир кыргызстандык үчүн эң оор күндөр болду», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал дарегине колдоо айтуу менен бирге, Мамлекет башчысы катары тез арада кырдаалды жөнгө салуу талаптары, катуу сын пикирлер айтылганын кошумчалады.

«Кыйчалыш учурда эмнелер жасалганын азыр кайрадан айтып отурбайын. Болгон күч-аракетимди өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшадым. Мамлекетибиздеги журт тааныган ишмерлер жана өнөктөштөрүбүз менен консультацияларды жүргүздүм. Жүздөгөн мекендештерим тынчсыздануусун билдирип, кеңештерин айтышты. Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экендигине дагы бир ирет ынандым»,  — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости