www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йоркто өтүп жаткан Биотүрдүүлүк боюнча саммитте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун сөзү түз алып берилди. Мамлекет башчы кайрылуусунда өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү бөлүгүн экологиялык дипломатия жана жашыл экономика ээлегенин айтты:

"Биз — экологиялык таза продукциянын жана таза энергиянын өлкөсүбүз. Бир жыл мурун Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен кыскартууну көздөйт," - деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле Кыргызстан экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоп, ошол эле учурда өз демилгелерин да сунуштап келе жатканын белгилеп, анын ичинде ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммит уюштуруу, радиациялык коркунучтун алдын алуу резолюциясын жаңылоо жана Эл аралык тоолор жылын өткөрүү бар экенин айтты. Ошондой эле ал Башкы Ассамблеянын жыйынынын алкагында, Кыргызстан биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча өз резолюциясынын долбоорун сунуштай турганын да билдирди. Анын алкагында:

— биотүрдүүлүктү жана дени сак экосистемаларды сактоо;

— биотүрдүүлүк чөйрөсүндө чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү;

— туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн "жашыл экономиканын“ принциптерин пайдалануу;

— ошондой эле биотүрдүүлүктү туруктуу пайдалануу үчүн аймактык кызматташтык жаатында демилгелер сунушу бар.

Ошондой эле Резолюция долбоору глобалдык экологиялык уюмдар тарабынан жактырылган. Алардын арасында Жапайы жаратылышты коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк фонд, БУУнун биоартүрдүүлүк боюнча конвенциясы, ЮНЕП, Рамсар конвенциясы, Жаратылышты коргоо боюнча немис союзу бар экенин белгилеген мамлекет башчы аталган резолюция БУУга мүчө мамлекеттердин жана институттарынын кеңири колдоосуна ээ болот деген үмүтүн билдирди.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков видео кайрылууну 1-октябрга караган түндө жасады.

Эске сала кетсек, биологиялык түрдүүлүк боюнча дүйнөлүк саммит ушул тапта Нью-Йорк шаарында өтүп жатат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости