www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. Бул тууралуу перзиденттин расмий сайты кабарлады. 

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Жолдош жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер!

Жолдош офицерлер жана генералдар!

Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен куттуктайм!

Биздин Армиябыз — өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн сактоо жана жарандарыбызды коргоо үчүн мамлекеттин ишенимдүү тиреги.  

Акыркы жылдары Армияны материалдык-техникалык жабдуу, заманбап аскер техникалары жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырууда.

Аскердик башкаруу системасын жана куралдуу күчтөрдүн өз ара иш-аракеттерин өркүндөтүү жүрүп жатат.

Аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары улантылууда.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында аталарыбыздын даңктуу жолун жана аны уланткандарды терең таазим менен эстейбиз.

Биз Ата Мекенди коргоочулардын аскердик салттарын улантууга жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз.

Атуулдук менен аскердик милдетти абийирдүү аткарып жатканыңыздар үчүн сиздерге ыраазылык билдирем.

Чың ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости