www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 15-августта  Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 2027-аскер бөлүгүнүн «Шамалды-Сай» чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылыш аземине  катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө чек арачылар  талыкпаган кызматы менен  элибиздин бейкут жашоосун, тынчтыгын, Кыргызстандын чек араларынын бекемдигин камсыз кылып жаткандыгын  белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди.

“Азыркы күндө Кыргызстандын чек араларын бекем, кыраакылык менен коргоо - эң маанилүү маселе деп эсептейм. Ар кандай терроризм жана экстремизм коркунучтары болуп жаткан азыркы мезгилде чек араны бекем коргоодон өтөөр милдет да, кызмат да жок.”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент чек арачылардын социалдык маселесин чечүү багытында да бир топ жылыштар бар экендигин баса белгилеп, чек арачылар үчүн турак-жай, инфраструктура курулуп жатат, бул иш мындан ары да улантыла  берет деп ишендирди.

Мамлекет башчысы чек арачыларды жаңы комплекстин ачылышы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, кызматтарына ийгиликтерди каалап, 250 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Жаңы комплексти кыдырып чыгып Президент Сооронбай Жээнбеков  чек арачылар менен бирге  жоокердин тамагынан ооз тийди, чек арачынын үй-бүлөсү менен чай ичип, жергиликтүү жашоочулар менен аңгемелешти.

Маалымдама: Модулдук имараттардын заманбап комплекси  чек аранын тапшырылган участогунда иш-чараларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон баардык инфраструктуранын элементтерин камтыйт. “Шамалды-Сай” чек ара заставасынын курулушу жана жабдылышы ЕАЭСке кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык  көмөк көрсөтүү боюнча  Кыргызстан менен Россиянын Өкмөттөрүнүн ортосунда  түзүлгөн макулдашуунун негизинде  жүргүзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости