www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын кызматына бекитилгени менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«Россиянын Мамлекет башчысы жана Мамлекеттик Думанын депутаттары тарабынан Сизге көрсөтүлгөн бийик ишеним Сиздин өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодогу салымыңызды жана мамлекеттик башкаруудагы өтө чоң тажрыйбаңыз менен адискөйлүгүңүздү тааныгандыктын эң негизги далили болуп саналат. Өзгөчө Сиздин кыргыз-россиялык биримдикти жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүүгө болгон жеке салымыңызды белгилеп кетким келет. Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өлкөлөрүбүздүн элдеринин жакшылыгы үчүн өстүрүүнү улантаарыбызды ишенем”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Андан сырткары Дмитрий Медведевге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу кызматында албан ийгиликтерди каалады президент Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg