www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист мамлекет башчы Садыр Жапаровдон бүгүн - Сооронбай Жээнбековду экс-президенттик макамынан ажыратууга кандай көз карашта экенин сурады. Ушул тапта Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖМК өкүлдөрү менен жыйын куруп, суроолоруна жооп берүүдө.

Журналисттердин бири ага - "Сооронбай Жээнбековду экс-президент деген макамынан ажыратуу маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Буга кандай карайсыз?" деген суроо берген. 

"Ал боюнча маселе жок, экс-президент бойдон калат. Биз президенттерди жоопко тартып, куугунтуктаган салтты токтотолучу. Анын өтө чоң кылмыштары деле жок. Албетте, саясий жактан жоопкерчиликтери бар", — деди Жапаров.

2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон. Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Жээнбеков экс-президент макамын алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости