www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК өз милдетин аткарып, шек жараткан адамдардын телефондон сүйлөшкөнүн тыңшоого укуктуу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүнкү маалымат жыйын учурунда айтты. Ага ЖМК өкүлдөрү эмне себептен атайын кызматтар тарабынан жарандардын сүйлөшүүлөрүн тыңшоо болуп жатат деген суроо берилген.

«Курал пайдалануу, бийликти басып алуу аракеттери боюнча сүйлөшкөндөр болуп жатканда УКМК эмнеге унчукпай карап отурушу керек? Мыйзам чегинде шек жараткан жарандарды тыңшаса болот. Эч бир себеби жок эле бир дагы адамды, журналистти эч ким тыңшабайт», —  деди Жапаров.

Ошондой эле, андан күч органдарына суракка чакыруулар көбөйгөнү боюнча сурашты. «Ар кандай туура эмес чакырыктар болсо, коопсуздук үчүн шектүүлөр суралышы керек. Бирок журналисттерге бул ыкма колдонулган жок. Мурда бийлик учурунда аткаминерлер менен соттошуп жүргөн журналисттер көп эле. Акыркы бир жылда ушундай болдубу? Мени каралагандарды Кудайга гана коюп жатам. Сотко берип, суракка чакырбагыла деп айткам», — деди президент.

Мындан тышкары, Жапаров бүгүнкү маалымат жыйында аны бир нече жалпыга маалымдоо каражаты такай каралап келе жатат деп да билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости