www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча КР Өкмөтү тарабынан өлкөнүн бардык аймактарына 2020-жылдын 22-мартынан тарта киргизилген өзгөчө кырдаал режими мезгилинде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.
Өзгөчө кырдаал режими мезгилинде коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү сандагы ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылгандыгы белгиленди.
Кашкар Жунушалиев бардык карантиндик зоналар, калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу жайлар — дарылоо-санитардык мекемелери, стратегиялык объектилер күчөтүлгөн кайтаруу менен камсыздалганын кошумчалады.
Ички иштер органдарынын кызматкерлерин зарыл болгон керек-жарак жабдыктары жана медициналык коргонуу каражаттары менен камсыздалышы зарылдыгын айтты.
Сооронбай Жээнбеков аймактардагы санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк жана башка эл керектеген товарларды ташыган оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүндө коопсуздук жана карантин эрежелеринин бардык чараларын сактоо менен тоскоолдуксуз «коридор түзүлүшүнө артыкчылыктуу маани берилиши керектигин билдирди.
Ал өлкөдө өзгөчө кырдаал режими мезгилинде бизнеске болушунча көмөк көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады. Эч ким бизнеске жолтоо кылбашы керек.
Ошону менен бирге президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал тууралуу чындыкка дал келбеген, чагымчыл маалыматтарга өз маалында бөгөт коюу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.
Бардык мындай адамдардын тиешелүү мыйзамдарга ылайык катуу жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg