www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусундагы «Исфана — Кайрагач көзөмөл өткөрүү пункту (КӨП)» автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов негизги курулуш иштери бүткөндүгүн, бүгүнкү күндө жол белгилерин орнотуу, жөө адамдардын өтмөктөрү жана аялдама пункттары боюнча иштер жасалып жаткандыгын маалымдады.

«Исфана — Кайрагач КӨП» автожолунун жалпы узундугу 36,1 чакырым.

Жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда Мамлекет башчысы өлкөнүн транспорт далистерин реконструкциялоо бардык облустарда улантыла тургандыгын билдирди. Бул иштер аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналаарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости