www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө региондоруна иш сапарларын улантат. Бүгүн, 10-июнда Мамлекет башчысы эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков  Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына барат. Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коет.

Президент иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жана Араван районундагы калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Ош облусунун өнөржай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости