www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын биринчи күнүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, анда кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги талкууланат.

 Ушул эле күнү эки Мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.

 Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.

 Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Марат Аманкулов, Тынчтык Шайназаров, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков, Гүлнара-Клара Самат, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости