www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ислам жана Православие —  биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Ардактуу коноктор!

Сиздерди меймандос жергебизде тосуп алып жатканыбызга абдан кубанычтабыз.

Кыргызстанга кош келиңиздер!

Орток руханий баалуулуктарыбызды дагы бир ирет ырастоого, диндер аралык диалогду күчөтүүгө жана элдерибиздин достугун арттырууга багытталган бүгүнкү конференция — баарыбызга тең маанилүү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулду.

Конференцияны Россиянын жана бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн диний жетекчилерин чогултуп, кызматташуу үчүн жалпы платформа түзүү ниетинде өткөрүп жатабыз.

Конференцияга аталган мамлекеттердин өкүлдөрү, элчилери, диний уюмдарынын башчылары жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, белгилүү эксперттер катышууда.

Ушундай абройлуу курамда өтүп жаткан бүгүнкү конференцияда бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу ой-пикирлер, алгылыктуу иш-чаралар сунушталат деп үмүттөнөм.

Урматтуу катышуучулар!

Коомдун тынчтыгын камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алган.

Азыр көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болду.

Диний себептер менен бөлүнүп–жарылууга, диний сабырсыздыкка, албетте, диний экстремизмге тыюу салынат.

Өлкөбүздүн тынчтыгын, коомубуздун биримдигин — мамлекет бардык зарыл болгон каражаттарды колдонуу менен коргойт.

Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген көрүнүштөргө мамлекет жол бере албайт.

Мамлекеттин диний чөйрөнү тескөө иштери мындан активдүүрөөк болот.

Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз. 

Ушул руханий байлыктарды мамлекеттин өнүгүүсү үчүн сабаттуу колдонушубуз керек.

Ислам менен Православиенин өз ара карым-катнашы конструктивдүү негизде өнүгүүсүн камсыздайбыз.

Жеке эле дин эмес, маданият, тил, кадаа-салт, илим, билим берүү жаатындагы терең кызматташуу — өлкөлөр ортосундагы ынтымактын негизги фактору болуп саналат.

Коомубуздагы диндер аралык тынчтыкты, ынтымакты сактоо жана бекемдөө — ар кандай экстремисттик жана радикалдуу агымдарга каршы турууга шарт түзөт.

Бүгүнкү конференция сыяктуу биргелешкен иш-чаралар чогуу иш алып барууга жол ачат.

Ошондой эле Ислам жана Православиенин тыгыз кызматташтыгы — ЕврАзЭСтин алкагында биздин жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.

Бул биримдиктин алкагында элдерибиздин диний, маданий, социалдык өзгөчөлүктөрү сыйлоо менен кабыл алынат.

Евразиялык мейкиндик — жалпы тарыхка ээ болуу менен өз ара аракеттенүүнүн, жанаша жашоонун орду болуп калат.

Баардык коңшу мамлекеттер менен да дин багытындагы кызматташтыгыбызды күчөтөбүз.

Биз ханафий масхабынын жана православиенин тарыхий жана маданий ролун, коомдун келечеги үчүн өзгөчө жоопкерчилигин эске алып, алардын мамлекет менен иш-аракеттенүүдөгү өзгөчө статусу жөнүндө ойлонгонубуз зарыл.

Мындай практика көп өлкөлөрдө бар.

Коомубуз жактырган асыл максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик уюмдар менен Диний башкармалык бир ыргакта аракет кылганы зарыл.

Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы өзүнүн мөөнөтүн 2020-жылы аяктайт.

Жаңы концепцияны иштеп чыгып, кабыл алуу зарыл.

Анын мазмуну азыркы учурдун, келечектин талаптарына жооп бериши үчүн  бул ишти азыртадан баштоо керек.

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Бир жагдайды баса белгилей кетейин.

Бир дагы жеткинчек бала светтик илимден четте калбоосу керек.

Биздин Конституциябыздын 45-беренесинде „негизги жалпы билим алуу милдеттүү“ деп так жана даана жазылып турат.

Ошондуктан медреседе болобу, чиркөөдө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек.

Урматтуу катышуучулар!

Бир туугандыкка, достукка багытталган жакшы ой, аруу тилек менен ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз.

Уюштуруучуларга ыраазылык билдиребиз!

Конференциябыз өз максатына жетсин, баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм.

Жакшы тилектерибизди Жараткан Кудай Өзү колдосун!»

Последние новости