www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-ноябрда парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында кыргыз тилин үйрөнгүсү келгенин айткан депутат айым Гүлшат Асылбаева кыргыз тилдүүлөрдөн жардам сурады.

Белгилей кетсек, парламенттин 20-ноябрындагы жыйынында, депутат Гүлшат Асылбаева кыргыз тилинде сөз сүйлөгөн. Мына ошондо анын Кыргызстан деген сөздү так айта албаганы социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан сынга кабылган. Ал тургай депутатка карата өтө орой сөздөр дагы жазылган болчу.

- Фейсбуктагы комментарийлерди окуу мен үчүн жагымдуу болгон жок. Бирок мен муну менен кыргыз тилин билбегендигим боюнча жоопкерчиликтен качпайм. Буга моюн сунуп олтуруп калбайм. Ошол эле учурда коомчулукка кайрылгым келет. Кыргыз тилин үйрөнүүгө ынтызар болуп, кыргызча сүйлөгөнгө аракет жасагандарга жардам бергилечи. Эгер туура эмес сүйлөп жатышса оңдоп койгула. Сиздердин жылуу колдооңуздарды бир дагы окуу куралдары алмаштыра албайт. Кыргыз тилин үйрөнүүмдү уланта берем. Мен кыргыз тилинде сүйлөйм, жазам жана керек болсо ырдайм”, -дейт Асылбаева.

Айтмакчы, бул депутат айым казак кызы. Ал орус мектепти бүткөндүгүн жашырган жок. Ошол эле учурда расмий тилдүү башка улуттун өкүлдөрү шылдыңдоолорго карабай, кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылгандар бар экенин белгилейт. Айтымында, алар кыргыз досторун, жумушун жана Айтматовдун чыгармалары менен кыргыз фильмдерин, эң негизгиси Кыргызстанды сүйүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости