www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Тармактык маркетингдердин «Здоров» аттуу бетмайлары сиздин атыңыздан реклама болуп жүрөт. Бейтаптар буга ишенээр-ишенбесин билбей, бизге кайрылышты...

- Бул «Здоров» деген бетмайды жайылткандар интернеттен чыгып жатат. Орусиянын фирмалары экен. Биздин мамлекетте врачтар дарыларды каалагандай реклама кылганга акысы жок. Бизде клиникалык протокол деп коёт, дартка жараша белгиленген дарылар бар. Мунун баарын жайылткандар - алдамчылар. Орусия, Украина ж.б. өлкөлөрдөн бизге агылып келген тармактык маркетингдердин дарыларын сатуу аракети. Менин сүрөтүмдү, мен тууралуу маалыматты интернеттен алып, менин атымдан дары жазган адамдар - алдамчылар. Окурмандарга эскерте кетет элем, буга ишенбегиле! Алардын дарысынын эч кандай жардамы жок. Дабаасы да жок. Баары фейктер. Мени эле эмес, мага окшогон көп профессорлордун атын колдонуп иштеген фирмалар көп экен. Биз бул боюнча укук коргоо органдарына, ИИМге, саламаттык сактоо министрлигине кайрылдык. Тийешелүү тармактагы жогорку чиновниктер буларды тыйбайт. Биздин мамлекетте мындай адамдарды, алдамчыларды анализдеп, иликтеп текшерүү жүрбөйт экен. Мындай фирмаларды биздин бийликте отурган чиновниктер артынан көрүнбөй колдоп, коргоп турушканы да маалым. Мүмкүн болсо буларды кармап, жазалоо бүгүнкү күндүн талабы.

- «Кыргызстандын урологдору эркектерди өткөн кылымдын деңгээлинде дарылап келет» деп Казакстандын белгилүү урологу айткан пикир да социалдык түйүндөргө жайылып кетти го?

- Бул дагы жалган пикир. Фейктер эки элдин ортосуна доо кетирүү аракетин көрдү. Заманга жараша улам жаңылануу, дарылоо ыкмаларын жаңыртуу, квалификацияларын жогорулатуу тынымсыз жүрүүдө. Андан көрө элибизди, бейтаптарды жалганчы тармактык маркетингдерден алыс болууга чакырам! - деп билдирди профессор А.Усупбаев "АЗИЯnews" гезитине.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости