www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Гүлшат Асылбаева бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык тармактардын колдонуучулары анын кыргыз тилинде сүйлөгөнүн шылдыңдап жатышканын айтып таарынды. 

Айтымында, ал жакында эле баяндаманы кыргыз тилинде окуган. Андан кийин социалдык тармактарда ал тууралуу сындар айтылып жатканын көрүп калган. 

“Элдер кыргыз тилинде сүйлөгөн акцентимди жана “Р” тамгасын айта албаганым үчүн мени шылдыңдап жатышат. Ушул нерседен улам мыйзам долбоору кабыл алынбай калдыбы же андан жаман болуп калдыбы? Мен тийиштүү деңгээлде мамлекеттик тилди билбегеним үчүн  жоопкерчиликтен качпайм. Бирок, мен аракет кылып, үйрөнүп жатам. Шылдыңдоолордон улам мен өзүмдү жаман сездим. Кечээки окуядан тилди үйрөнүп жаткан көптөгөн адамдардын дарегине шылдыңдоолор түшүп турарын билдим. Мага жакшы сөздөр менен колдоо көрсөтүп турса болот да. Биздин өлкөбүздөгү тилдин өнүгүүсүнүн көйгөйү методика менен мугалимдерде эмес, биздин бири-бирибизге болгон мамилебизде”,- дейт Гүлшан Асылбекова.

 

Последние новости