www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 12-февралынан тартып “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген. Долбоордун алкагында 19-ноябрга чейин жол эрежелерин бузуу боюнча 809 миң 550 токтом жазылып, автооунаа ээлерине жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жогоруда айтылган токтомдордун 379 миң 464 эреже бузуусу боюнча айып пул төлөнгөн. Андан түшкөн акчанын суммасы – 456 миллион 529 миң сомду түзгөн. 

Буга ылайык, камера орнотулган жерлерде жол эрежесин бузгандар, жол кырсыгы аз болгону байкалган. Бишкек шаарында каза тапкандар болгон эмес, жаракат алгандар да азайган.

Эскерте кетсек,  “Коопсуз шаар” долбоорунан түшө турган акча каражаттарынын болжолдуу суммасы кыскарган. Себеби, жол эрежесин бузгандар аз болуп, 2019-жылга пландалган 1,5 миллиард сом бюджетке топтолбой калган. Долбоор тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештеги 2019-2020-жылдын бюджети боюнча берген маалыматында билдирген.

“Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруунун натыйжасында, Бишкек менен Чүй облусунун жолдорунда авариялардын саны эки эсе азайган. Быйыл бюджетке айып пулдан 1,5 миллиард сом түшөт деп бекитилген. Бирок андай болгон жок. Жарандарыбыз биз ойлогондой эреже бузуучулардан эмес экен. Белгилей кетчү нерсе, биздин максат айып пулдардан акча чогултуу эмес”, -деген премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости