www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 6-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Тунгуч Президентин 80 жылдык мааракеси жана Казакстан Республикасынын Борбор калаасынын күнү менен куттуктады, ошондой эле ага чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости