www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков ким?

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтарда тепкичтен тепкичке көтөрүлүп, бардык даражаны басып өткөнү менен дүрт эткен жалын болуп чыга албады. Ал жалаң атка минерлерден куралган үй-бүлөнүн бир мүчөсү катары гана таанымал болбосо, өз алдынча алгылыктуу иши менен оозго алынган эмес.

Өмүр баянын барактаганда, анын бир катар жооптуу кызматтардан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты, болгондо да легендарлуу парламенттин катарында отурганын, Ош облусунун губернатору болгонун эске саласың. Журт кызыкчылыгын, мамлекеттин пайдасын көксөгөн атка минерлерде сөзсүз кызматтык тепкичтеринде бир жолу болсо да бийлик менен каршылык жаралат. Же, кайсы бир маселеде өз пикирин катуу айтып чыгуусу менен эл эсинде сакталат.

Ал эми Жээнбековдун өмүр баяны ушул жагынан тынч. Канча кызматта отурса да, дабышы билинбей, кылдыратып өз оокатын өткөрүп жүргөндөй таасир калтырат. Жакындан билгендер анын эч ким менен конфликтке барбаган сыпайы мүнөзүн кеп кылышат. Сыпайы мүнөзүнөнбү, же каршылаш болуп, кызмат орунунан айрылганча, айдаган жакка басып, айтканды оң көрөбү – айтор, ашыкча дабышы чыкпады.

Булак: “Майдан.кж”

Последние новости