www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы күрөштүн ийгилиги элдин биримдигинен көз каранды. Бул тууралуу, 9-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда белгиледи. Мындай маалыматты өлкө башчынын маалымат кызматы жазып чыкты.

Мамлекет башчысы илдеттен жакындарын жоготкон мекендештерибиздин аза-кайгысын тең бөлүшүп, аларга көңүл айтты.

«Коронавирус инфекциясы элибизге чоң кайгы алып келди. Илдеттин кесепетинен ондогон мекендештерибизден айрылып калдык. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн өмүрүн арнап, элим, жерим деп жашаган инсандарыбыз кайтыш болду. Каза болгондордун  жаны бейиште болсун деп тилейбиз», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле дарыланып жаткан бейтаптардын тезинен сакайып кетүүсүн тилеп, дарыгерлерге баа жеткис эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күндүн баатырлары — дарыгерлерибиз өз өмүрүн тобокелге салып, көзгө көрүнбөгөн душман менен жанын аябай кармашып жатат. Алардын ак эмгегине таазим этип, терең ыраазычылык билдирем», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстан дагы дүйнө эли менен бирге, пандемиянын кесепетин тартып, өз тарыхындагы кыйын учурду башынан өткөрүп жатканын белгиледи.

«Азыр элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш жүрүүдө. Ынтымак, тилектештик менен ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти бийик сезсек, бул илдетти жеңебиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости