www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырып жаткандыгын расмий жарыялап жатып.

Сооронбай  Жээнбеков өз сөзүндө «Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок» деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетин жумшаганын билдирди.

«Мен үчүн — өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында Президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда. Бул туура чечимби же жокпу — тарых жана убакыт таразалайт», — деп өзгөчө белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости