www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан, тынбай иштеп жатабыз. Болгон аракет көрүлөт жана милдеттер аткарылат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы жазып чыкты.

Мамлекет башчысы адам өмүрү баарынан кымбат экенин баса белгиледи. «Ар бир жараныбыздын саламаттыгы мамлекеттик мааниге ээ», — деп белгиледи ал.

Президент жооптуу аткаминерлерден элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштешин талап кылып жатканына токтолду.

Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүнүн, Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

«Кайсы өлкө болбосун, элдин бийликке болгон талабы күчөөдө. Бул табигый көрүнүш. Бизде да элдин талабы, кайсы бир маселелер боюнча нааразылыгы ачык айтылууда. Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы күнөөлүүлөрдү издөөгө убакыт жок экенин айтып, бар күч-аракеттерди түзүлгөн кырдаалдан чыгууга жумшоого чакырды.

«Бул 30 жылдан берки топтолгон көйгөйлөр деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды кырдаал анын көзөмөлүндө экендигине ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости