www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-январда  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаевди кабыл алды.

Жолугушууга Президенттин Аппаратынын орун басары Алмамбет Салиев, Президенттин кеңешчилери Жеңиш Разаков менен Асылбек Кожобеков дагы катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишмердигинин негизги багыттары, ошондой эле коопсуздук  чөйрөсүндөгү приоритеттер  жана Коопсуздук кеңешинин  2018-жылга иш планы талкууланды.

Коррупцияга каршы мындан ары  күрөштүн негизги багыттары белгиленчү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин алдыдагы отурумуна даярдык көрүүгө  байланыштуу  маселелер дагы каралды. 

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңеши мурда кабыл алынган чечимдерди ревизиялап, алардын аткарылышына баа берүүгө милдеттендирди. Тактап айтканда “Кыргыз Республикасынын укук тартибин коргоо органдарынын системасын реформалоо  боюнча  чаралар  жөнүндө”, “Бийлик  органдарында саясый жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” жана Коопсуздук кеңешинин  “Кыргыз Республикасында  жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө”  Жарлыктар тууралуу сөз болуп жатат. 

Президент Сооронбай Жээнбеков   мамлекеттик структуралар тарабынан мыйзамсыз аракеттер тууралуу жарандардын кайрылууларына жана арыздарына ыкчам жооп берүү зарыл экендигине өзгөчө көңүл бурду. “Бир дагы арызга мамлекеттик органдар тарабынан көңүл бөлүнбөй калбашы керек”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент  кылмыштуулукка каршы  күрөштү жана жарандардын коопсуздугун  камсыз кылууну артыкчылыктуу милдеттердин бири катары атады. “Кылмыштуулукка каршы күрөштү басаңдатууга болбойт, кыргызстандыктар өз үйлөрүндө  өздөрүн коопсуз сезип, беймарал жашашы керек”, -деп баса белгиледи Президент Сооронбай  Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости