www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-сентябрда Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилянды кабыл алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы кошуна экенин белгиледи. Дипломатиялык мамилелер орногондон бери достук мамилелердин өнүгүшүнө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган көптөгөн эки тараптуу документтерге кол коюлган.

«Биз достук мамиледеги коңшубузга өлкөбүздүн өнүгүү жылдарында ар дайым колдоо көрсөтүп келгендигине ыраазычылык билдиребиз. Кытайга болгон акыркы сапарымда Стратегиялык өнөктөштүктүн ар тараптуу өнүгүүсү жөнүндөгү Биргелешкен декларацияга жана дагы эки тараптуу 10 документке кол коюлду. Биз Кытай менен кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүүгө даярбыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Жолугушууда региондо коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

«Бул багытта Кыргызстан Кытай, ЖККУ жана башка коопсуздук жаатындагы кызматташуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен биргеликте коркунучтарга жана чакырыктарга туруштук берүүгө даяр», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, аны 2019-жылы ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Саммитинин алдында мамлекеттик визит менен чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Кытай Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилян 2018-жылдын июнь айында Сооронбай Жээнбековдун КЭРге болгон мамлекеттик визитинин учурунда эки өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган келишимдерди ишке ашырууну өзүнүн визитинин максаты экенинин билдирди.

Сюй Цилян Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь Президент Сооронбай Жээнбековго ысык  салам айттырганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости