www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда, «Айыл-Агро-2017» V Эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүнө Өкмөт башчы барып, көргөзмөгө коюлган техникалардын түрү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Лизинг программасын өнүктүрүүгө Өкмөт тарабынан 1 миллиард сомдон ашык каражат каралды. Өкмөт ата мекендик фермерлерди жана дыйкандарды колдоо багытындагы саясатын улантат. Өлкөнүн машина-трактордук паркын жакшыртуу максатында айыл чарба техникаларын лизингге берүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Акыркы беш жылда жалпы суммасы 2,2 миллиард сом болгон 2 миңден ашык техникалар берилди. 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды түзүүнү кеңейтүү программасы ишке ашууда

Мына ушул максатта жыл сайын биздин өлкөдө салтка айланып калган «Айыл-Агро» Эл аралык көргөзмөсү өтөт. Иш чаранын дыйкан-фермерлер менен техника өндүргөн ишкерлер ортосундагы алаканы бекемдөөдө мааниси чоң. Техникаларды өз баасында сатып алуу, өлкөдөгү айыл чарба тармагындагы техникалардын жаңылануусуна чоң өбөлгө болот», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, «Айыл-Агро-2017» V Эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүнө дүйнөнүн 10 ашык өлкөсүнөн түрдүү өкүлдөр катышууда. Ал 19-майга чейин болот.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости