www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 7-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, өз өлкөсүнүн жана россиялыктардын жыргалчылыгы үчүн  алдыга белгилеген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди кааалады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулар кандай аткарылып жаткандыгын, ошондой эле ноябрь айында Астана шаарында өтө турган ЖККУ ЖКК сессиясын талкуулашты.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге туулган күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости