www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Региондорду  өнүктүрүүдө кооперативдердин  келечеги кең”, -деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 15-августта  Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапарынын алкагында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында  Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда.

Мамлекет башчысы жакында “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу Мыйзамга  кол коюлгандыгын эске салды.

 “Аймактарды өнүктүрүүдө кооперативдерди түзүү зор роль ойнойт. Бул мыйзамда  айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү багытында жакшы шарттар түзүлгөн”, -деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынып, “Кооперативдер жөнүндө” колдонуудагы мыйзамдын айрым кенемтелерди толуктоо максатында иштелип чыккан.

 Кабыл алынган мыйзам кооперативдердин кеңешинин ишин жакшыртууга, кооперативдердин ишиндеги ички карама каршылыктарды жана кызыкчылыктардын кагылышын жоюуга мүмкүнчүлүк берет.

Республикабызда кооперативдик системаны өнүктүрүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, атаандашуу жөндөмдүүлүктөрүн арттырууда, чарба жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу проблемаларын чечүүдө жана товардык продукциянын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө өзгөчө роль ойнойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости