www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитин аяктап, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Пекин шаарынан Циндао шаарына (КЭР) келди.
Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушуулары болжолдонууда.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тийешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.
Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости