www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков: Сот - адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция, судьялар Кудай алдында да, өз абийиринин алдында да таза, акыйкат инсандар болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
“Акылман бабабыз Калыгул олуянын “Адилеттик атка мингизет, ач көздүк көргө киргизет” деген сөзүн эсиӊиздерге салгым келет. Сот деген - адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция, судьялар Кудай алдында да, өз абийринин алдында да өтө таза, акыйкат инсандар болушу керек”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда анын төрагалыгында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин жыйналышында.
Президент реформаны аткарууга милдеттүү мамлекеттик органдар бир ыргакта, бир багытта иш алып баруусу зарыл экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы реформанын жүрүшүн такай мониторинг кылып туруу максатында тиешелүү жумушчу топ түзүлөөрүн айтты. Анын курамына кеӊештин мүчөлөрү да кирет.
Президент Сооронбай Жээнбеков берилген сунуштар менен сын-пикирлерди Өкмөт жана Жогорку сот эске алышы керектигин айтып, Өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна киргизүүнү тездетүүгө чакырды.
“Сот системасын өзгөртүү – коомду өзгөртөт, биздин өнүгүүбүзгө кедерги болгон факторлор жоюлат. Ошондо гана өлкөбүз өнүгөт. Сот-укуктук реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg