www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Чолпон-Атада өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин саммитинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди. Кыргыз президенти Өзбекстандын бул уюмга кошулуу ниетин жогору бааларын белгилеп, Венгрия болсо бул саммите байкоочу деген макам аларын маалымдады.

“Европанын борборундагы Венгриянын өзүнүн түрк тарыхын жана каада-салтын унутпаганы сүйүндүрөт. Бул уюмдун географиясынын кеңейип жатканын бекемдейт, - деди Жээнбеков.

Ошондой эле Кыргызстан бул кеңештин алкагында инвестициялык жана экономикалык кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.

“Кыргызстанга деңизге чыга албаган мамлекет катары Чыгыш менен Батыштын соодасын байланыштырган транспорттук маршруттардын өнүгүшүн каалайт. Ошондуктан Кытай Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна маани берет”, - деди Жээнбеков.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өтүп жатат. Ага кеңеш мүчөлөрү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана бул жолку жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости