www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июнда, Орусия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавинди кабыл алды.

Өкмөт башчысы бул жумуш сапар дагы бир жолу Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык мүнөздөгү мамилесин мүнөздөй турганын баса белгилеп, Орусия тарапка улуттук экономиканын ЕврАзЭс шартына көнүп кетишине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Өкмөтү тарабынан көзөмөл өткөрүү пунктарын ЕврАзЭс талаптарына жооп бере тургандай оңдоодон өткөрүү боюнча активдүү иштер жасалып жатканын жана өлкө аймактары ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар менен камсыздалгандыгын эскертти. Ал бардык тиешелүү мамлекеттик органдар мурда сүйлөшүлгөн эки тараптуу макулдашууларды ишке ашырууну катуу көзөмөлгө аларын кошумчалады.

Владимир Булавин эки өлкө ортосундагы мурда сүйлөшүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу динамикасы позитивдүү экенин билдирди. Ал эки тараптуу кызматташтыктын бардык макулдашууларын ишке ашыруу жараяны иштеп жаткандыгын баса белгилеп, анын аткарылышына тийиштүү көзөмөл керектигин кошумчалады.

Ошондой эле, Владимир Булавин иш сапарынын алкагында кыргыз кесиптештери менен биргеликте Бишкектеги КР экономика министрлигине караштуу метрология жана сертификация лабораторияларынын, КР Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясынын жана КР саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости