www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Москва областында учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Москва областында учактын трагедиялуу кыйрашынан көптөгөн адамдардын курмандактары болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну Сизден өтүнөм”, - деп Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости