www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу боюнча кол чогултуу иштери башталды. Бул тууралуу демилгечи Чыңгыз Капаров билдирди.

Анын айтымына караганда, эки экс-президентке макам мыйзамсыз берилген.

«Роза Отунбаева 2010-жылы шайлоого катышкан эмес, ал эми Сооронбай Жээнбеков алты жылдык мөөнөт менен шайланып, бирок мөөнөтү бүтө электе кызматын тапшырып берди. Демек, эки президентке тең экс-президент деген макам мыйзамсыз берилген. Буга мыйзамда жол берилбейт.

Азыр кол топтоп жатабыз. 300 миң кол топтолгондон кийин Конституциялык сотко кайрылабыз», - деди Чыңгыз Капаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости