www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай грантына Бишкектин кайсы көчөлөрү оңдолот?

5-марттан тарта ордо калаада бир нече көчө оңдоп түзөлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, шаардагы көчөлөр кытай грантынын эсебинен жасалат. Оңдоо иштери расмий түрдө 2020-жылдын күз айында башталган.

«Андан бери биз даярдык иштерин көрүп, бардык көчөлөрдүн ичинен оңдоого муктаж болгон 60 көчөнү тандадык. Анын 43ү быйыл, 17си 2022-жылы жасалат», — деп айтылат маалыматта.

15-марттан тарта оңдоп-түзөө иштери башталчу көчөлөр:

Сухэ-Батор көчөсү. Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;

Ташкент көчөсү. Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Ак-Ордо жаңы конушу, Каркыра көчөсү. Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин;

Арча-Бешик жаңы конушу, Жайыл баатыр көчөсү. Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

Ак-Ордо жаңы конушу, Айбийке көчөсү. Гагарин көчөсүнөн темир жолго чейин;

Өмүр көчөсү. Фрунзе көчөсүнөн Ашар жолуна чейин;

Арча-Бешик жаңы конушу, Жунусалиев көчөсү. Абдрахманов көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;

Ынтымак жаңы конушу, Стадионная көчөсү. Абдрахманов көчөсүнөн Магистральная көчөсүнө чейин;

Кокчетавский көчөсү. Махатма Ганди жолунан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Жеңиш жаңы конушу, Новая көчөсү. Ленская көчөсүнөн Жеңиш жаңы конушуна чейин;

Койбагаров көчөсү. Ж. Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;

Фере көчөсү. Тоголок Молдо жолунан Курманжан Датка көчөсүнө чейин;

Буденный көчөсү. Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин;

Огонбаев көчөсү. Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.

Мэрия кытай гранты менен жасала турчу долбоор эки жылга эсептелгенин эске салды. Бул аралыкта 5 көпүрө куруп, 60 жолду оңдоп-түзөө пландалууда.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости