www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков Ажо болгондон бери, эл арасында, жакшы жагына сөздөр айтылууда. Айрымдар “мактанга эртелик” кылат десе, айрымдар “биринчи кадамы жакшы, эми жакшы болуп кете берет”, - дешип көрөгөчтүк кылгандар да жок эмес. Эми Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип ата тууралуу эл арасында айтылып жүргөн учкай кепти окурмандарга сунуш кылалы.

-Мен Жээнбековдорду жакшы билемин. Баары жөнөкөй. Түбү теги бардар үй-бүлөөдөн. Сооронбайдын апасы көп сүйлөбөгөн акылдуу аял болгон, эл деле билсе керек. Бир туугандары деле беш колун оозуна тыгып, ач көздөнбөгөн инсандар. Мен Сооронбайдын атасы Шарип тууралуу бир окуяны айтып берейин. Кайсы жылдар экенин билбеймин, “Шарип атанын үйүнө ууру кириптир”,- деп айылда дүң көтөргөн сөз болду. Арадан көп өтпөй милийсалар ууруну кармап Шарип атанын алдына алып келген экен. Ууруну кармап келсе Шарип ата тааныган эле адам болуп чыгат. Ошондо бул киши, “уулум экинчи мындай уурулук кылбай жүр, акча же бир нерсеге муктаж болсоң келип эле өзүмдөн сура” деп, капа болуп ууруну темир тордун артына тыктырбай акылмандык кылып, үстү-башын бир сыйра жаңыртып, акылын айтып жолго салган экен. Бул окуяны каракулжалык “атымды айтпай эле койчу кызым”,- деген бир топ жашка барып калган апа айтып берип, Жээнбековдордун үй-бүлөөсү жакшы адамдар болгон деп басым жасап айттып өттү.

Баарынан кызыгы “ай кызым, көрдүңбү Сооронбайдын аялы акылдуу экен, жоолугун башынан түшүрбөй “мыктай” болуп үстөлдө олтурат, башка болсо апсаңдап эртеси жылаңбаш чыгып алат эле. Аял киши ошондой эле болгон жакшы. Менин айткан сөздөрүмдү туура эмес тетири жазып салба, бирөөнү жамандаба, Кудайдан корк балам”,- деп сөздөрүн айтып жылмайтты апа.

Ошентип, Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип атанын акылмандыгы менен айкөлдүгү тууралуу учкай кепти угуп терең ойго баттым. Чын эле ал убакта адамдарда ыйман болгон, сөздүн баркын, сыйды түшүнгөн. Эгерде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков, атасынын жолун жолдоп ууруларды андай акылдуулук менен жолго салса, Ак үйдүн тосмосуна барып “мени баккыла” деп, жатып алышы эч кеп эмес. Экинчи тарабын алсак, соттор чындап адилеттүү болсо, акчанын көзүн карабаса, ууруларды түрмөгө эмес, бир эле жаза эки колун кесип ыргытып жиберүү гана керек. Андан өткөн жаза жок.

Тилекке каршы, азыркы соттор чындыктын кулу эмес, тааныш-билиш менен акчанын кулу. Так ушул тапта Ак үйдө олтуруп, соттордун соту болгон Манас мырзага окшогон "адилетсиз" бирөөнүн көзүн караган сотторду президент Сооронбай Жээнбеков, Ак үйдүн 7-кабатынан тикучакка олтургузуп алыска-алыска Африкага жөнөтүп жиберсе...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости