www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турдуназир Бекбоевдин чыныгы жүзүн Сооронбай мырза билиш керек. Бу киши Жалал-Абадда Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү» партиясынын башкы штабын жетектеп, Бакыт үкөсүн этектеп жүрүп, кийин аталган партиянын квотасы менен Айыл чарба министри болгон эле. Андан соң кызматсыз калып, кечээ жакында Төрөбаевден оомат кеткенден ки­йин президенттин аппаратына келип, айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Сооронбай Жээнбековдун ишенчээктиги көп иштерге тоскоол болчудай. Жан дили менен берилип кызмат кылгандар четте ка­лып, тымызын тузак илгендер кыз­мат алып, баягы эле көрүнүш кайталанып жатат. Сузак районун Эрмек аттуу акими Бекбоевдин өкүл баласы да чектен чыккан иштерди жасап жүргөнүн жергиликтүү тургундар айтып жатышат.

Учурда Сузактын акими түндүк-түштүктү бириктирген альтернативалык трассанын боюна «Чынгызхан-3» деген кафе куруу максатында, сузактыктарга тиешелүү жер тилкелерин, ит бекер акчага «саткыла» – деп кыйнап жатканын эшиттик.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында «Чынгызхан-1, Чынгызхан-2» деген эки чоң ресторан жайгашкан. Кыскача ушул, калганын гезиттин эмки чыгарылышында тууралайбыз.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости