www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кылым карыткан, укумдан-тукумга кол өнөрчүлүгүн уланткан чеберлер бар. Так ошол чеберлердин учугун уланткан, иштин майын чыгарган 59 жаштагы Мехриниса апа Нурматова Лейлектин Тажикстанга жакын жайгашкан чек арасында жашайт...Беш балалуу.
--Мехрниса апа, ар бир идея өзүнөн-өзү жаралат же адам ойдо жок бир нерсени ойлоп табат. Сиз КР президенти Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн килемге атайын токуп түшүргөнүңүзгө күбө болдук. Албетте бул өтө оор жумушту талап кылат. Президенттин сүрөтүн килемге түшүрүү сунушун кимдир бирөө сизге берген жокпу?
--КР Президенти Сооронбай Жээнбековду килемге тартуу идеясы өзүмдөн чыкты. Сооронбай Жээнбековду мен буга чейин телевизордон көрүп, гезиттерден окуп жүргөнмүн. Бул кишини килемге түшүргөнүмдүн себеби бар албетте, коррупцияга чыланбаган таза инсан. Мен бул киши менен сыймыктанамын. Буюрса ушул киши Кыргызстанды гүлдөтө алат.
--Сооронбай Жээнбеков менен классташсызбы?
--Ооба...Бул киши 1958-жылкы экен. Ошондо экөөбүз классташ болуп калабызда, чынбы? Көрдүңөрбү, негизи 1958-жылкы туулгандар өтө кыйын болушат.
--Жакшы, килемди канча күндө бүтүрдүңүз?
--Бул адамдын элесин өзүнө окшоштуруп түшүрүү өтө кылдаттыкты жана кыйынчылыкты талап кылды. Килемди бир айда бүтүрдүм. Бул кишиден кийин эле Кыргыз Эл Баатыры маркум, Исхак Раззаковдун сүрөтүн килемге түшүрдүм. КР Президенти Сооронбай Жээнбеков ушул кишинин жолун жолдоп, акты –ак, караны-кара деп айтып, кыргыз элинин тагдырын, кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлогон инсан болсун деп ниет кылып токудум. Андан кийин эле “Ала-Тоо айымдары” экологиялык кыймылынын президенти Жыпара Баргибаеванын сүрөтүн килемге түшүрдүм. Жыпара айым 7 дубандын айымдарынын башын бириктирген мыкты аял экени талашсыз.
--Апа, Сооронбай Жээнбековдун килемин токуп жатканда кандай ойлор келип жатты...
--Ойлорумду сен сураба, мен айтпайын. Биринчи Кыргызстанда тынчтык болсун, кол кыймылдаганы менен ар бир адамдын жүрөгү, ниети таза болсун. Так ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн килемге түшүрүп жатканда акылым менен иш кылып, көзүм менен көрүп, ичимден бул кишиге ийгилик тилеп токудум. Сооронбайдын көрөгөчтүгүн Кудайдан тилеп, Раззаковдой адам болсун деп ниет кылдым.
--Кайсы буюмуңуз өзүңүз үчүн баалуу...
--Мен кол эмгегимдин баарын баалаймын. Анткени ал менин көзүмдүн нурун алган мээнетим. Учурда эмгегимди уланткан шакирттерди чыгарып жатам. Анткени 60га таяп калдым. Макул 70 жашка чыгайын бирок, менин көзүмдүн нуру кетет...Ошол жактарды эске алып кыз-келиндерге акысыз кол өнөрчүлүктү үйрөтүп жатам. Кыздарыбыз чебер болсун.
--Рахмат
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg