www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мекендештерибизди Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктайм. Мындан чейрек кылым мурда 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганы мамлекетибиздин соңку тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды.

Көз карандысыз Кыргызстандын Баш мыйзамы – өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги.  Кыргызстан – укуктук мамлекет. Биздин өлкөдө мыйзамдан улук, бийик жана ыйык эч нерсе жок. Өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо карапайым жарандан тартып өлкө башчысына дейре бирдей болууга тийиш.

Адам укугу, эркиндиги, кадыр-баркы жана адам баалуулуктары бекем сакталган мамлекеттин келечеги кең болот. Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болууга тийиш. Конституция күнү – жарандарыбыздын эркиндигинин, жаратман жана бейпил эмгектин, мамлекетибизди бекемдөөнүн, адилеттүү жана калыс коом куруунун майрамы.

Бул күн бизди мыйзамды урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик кастарлоого, келечек муун алдында зор жоопкерчиликти сезүүгө үндөп турат. Майрамыңыздар менен! Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун!», деди КР президенти Сооронбай Жээнбеков куттуктоосунда.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости