www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күйөөсү таштап кеткен, балдары чиедей жаш, оорукчан аял жардамга муктаж. Бул тууралуу маалыматты журналист Нургазы Мусаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Күйөөсү таштап кеткен, балдары чиедей жаш, оорукчан аял жардам сурап кайрылган. Биз да барып эженин турмушуна күбө болуп калдык. Эже өзү оорукчан, удаа-удаа 4 баласы бар экен. Түпкүлүгү Баткенден. Жогорку окуу жайын бүткөн аял. Күйөөсү таштап кетиптир. Азыр бир тааныштарынын бүтө элек үйүндө баш калкалап жатыптыр. Талаадан ысырык салчу адырашман терип келип тирлик кылчу экен. Анысы да түгөнүп, өзү сыркоолоп калыптыр. Ошентсе да катуу намыс кылып, өзүн да, балдарын да сүрөткө тарттырбады. Бирок жардамга өтө муктаж. Жол кире жоктугунан улам балдары мектепке бара албай калыптыр. Көйгөйлөрү өтө көп. Бизди ал жакка ээрчитип барган, дайыма жарыя кылбай кайрымдуулук кылган ишкер жигит үй-бүлөгө такай жардам берип турууну чечти, деп жазат Нургазы Мусаев.
Урматтуу кыргызстандыктар, жардамга муктаж үй-бүлөөгө кол сунгусу келгендер, төмөнкү мобилдик түйүндөргө байланышсаңыздар болот.
0553262627 ЭлСОМ эсепке акча которсоңуздар болот. Кийим-кечек, азык-түлүк берели дегендер болсо, ушул эле 0553262627 номерине, мага чалгыла. Сиз үчүн балким 200 сом же 1 000 сом кеп деле эместир. Эже балдардын жол киресине 100 сом таба албай жатат.
Кыйынчылыкта калган боордошубузга жардам берели!
Сиздерди терең урматтоом менен, Нургазы Мусаев.
Булак: NazarNews.kg