www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сосновкадагы” мүчүлүштүктөн улам аткаминерлер эскертүү алды

Чүйдөгү ”Сосновка” пунктунда тараза көзөмөл талаптагыдай болбогондугуна байланыштуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Турганбаевге эскертүү берилди.

Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Мариповдун чечими менен Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Шухрат Айтиев да эскертүү алды. Ал эми анын орун басары иштен бошоду.

Ошондой эле “Сосновканын” эки кызматкери да иштен кетти.

11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аталган бекеттин иши менен таанышкан. Анда таңкы саат 8де аталган бекет аркылуу 29 автомашина өткөн болсо, 17си гана каттоого алынганы белгилүү болду.

2020-жылы Бишкек-Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси баш болгон ондон ашуун адам "масштабдуу коррупциялык схемага" шек саналып кармалган. Алар "Сосновка", "Кара-Көл" туннель бекеттеринен өткөн автоунаалардан мыйзамсыз акча алып турушканын, анын айынан бюджетке 20 млн. сом зыян келгени кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости