www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вирус жайылып жатса, Бакашева менен Бейшеналиев кайдыгер

Убагында элге «кул болуп иштеп берем» деп шайланган президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы апаат каптап, эл чалгы менен чапкандай жыгылып жатканда ыктыярчылар барып, «абал оор болуп жатат» десе, «ыя, ошондойбу? Мен билген жокмун» деп өлүмүш болуп, көрмөксөн-билмексенге салып, арамзаланып жатып, «каргашалуу июлда» элдин шоруна калган. Кыйналган элдин убалы аны узаткан жок... Азыркы учурда дүйнө жүзүндө COVID-19 апааты 15 пайызга азайгандыгы айтылууда.

Анткени, Батыш, Чыгыш дебей баардык мамлекеттер бул илдет менен катуу күрөшүп, эрежелерди колдонуп, чектөөлөрдү киргизип, ар кандай чараларды көрүп, күрөшүп жатышат. Бирок, Кыргызстанда таажылуу вируска кабылгандар күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Кечээ 459 жаран, 29 врач вируска чалдыкты.

Демек, өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык кырдаал өтө курч бойдон калууда. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны ойлогон да жок, ал президент Садыр Жапаровду коштоп Түркияда жүрөт. Болбосо, ушундай кыйын учурда министр А.Бейшеналиев күйүп жаткан ишин таштап коюп, чет өлкөгө сапарга чыга турган учурбу?

Таажылуу вирус эмнеге тез жайылып жатат? Анткени, өлкөдө ага каршы жетиштүү чаралар көрүлгөн эмес. Республикалык штабдын жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева китепканадан жаңы келип, өзүнө кандай чарба бөлүнгөнүн деле жакшы аңдап биле элек, министр А.Бейшеналиев болсо «уу коргошун» менен алек болуп жүрдү.

Жыйынтыгында реалдуу иштер жасалбагандыктан санитардык-эпидемиологиялык абал оорлоп, вирус тез жайылып, күчөгөндөн күчөп, бардык облустарды каптап баратат. Кудай уруп, тоодой убадаларды берип шайланган президент Садыр Жапаров да айткан сөзүн унутуп, Сокенин жолун жолдобосо экен...

Булак: Азия News гезити

Последние новости