www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот адилеттигине көзөмөл салуу боюнча конференция

Бишкекте дүйшөмбү күнү, 27-февралда, «Хаятт Ридженси» мейманканасында (Абдрахманов көчөсү, 191) «Акыйкат кареги - жазык сот адилеттигине мониторинг жүргүзүү үчүн усул чечимдери» деп аталган темасындагы өтөт.

Анын катышуучулары жарандык коомго бул маанилүү чөйрөдөгү маселелерге баа берүүгө жардам боло турган курал катары иштелип чыккан сот тармагына мониторинг жүргүзүүнүн усулдарын сунуш кылат жана талкуулайт, ошондой эле, «Акыйкат кареги – жарандык коомдун сот адилеттигине мониторинг жүргүзүү боюнча улуттук түйүн» долбоорунун алкагында сунуштардберилет.

Демилге Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен IPHR (Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк) жана «Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Усулдар, негизинен, сот адилеттиги чөйрөсүнө багытталат жана эл аралык стандарттар менен эӊ мыкты тажрыйбалардын негизинде иштелип чыккан. Улуттук жана эл аралык эксперттер усулдарда камтылган жана талдана турган чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулайт.

Конференцияга Кыргызстандагы сот, мыйзам чыгаруу, укук коргоо ишмердүүлүгүн жана сот адилеттиги боюнча маселелерди жөнгө салган мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер, коомдук ишмерлер, журналисттер жана укукчулар катышат. Ошондой эле, мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндө активдүү иштеген жана Бишкектин сыртынан келген жарандык коом өеүлдөрү да болот.

йкат кареги – жарандык коомдун сот адилеттигине мониторинг жүргүзүү боюнча улуттук түйүн» долбоору Кыргызстандагы сот адилеттиги менен адам укуктарына негизделген жана натыйжага жетишүүгө багытталган мониторинг жүргүзүү, талдоо жана бул тармактагы маселелерге таасир этүү үчүн жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.

Байланыш телевону:Асель Койлубаева: +996 (555) 623582, e-mail: [email protected]

Последние новости