www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуялар учурунда талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышты.
Эске салсак, жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда – 317, Лейлек районунда – 100 жана Баткен шаарында 1 турак жай талкаланган.
Андан сырткары, Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик “Chevrolet Captiva” үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.
Булак: NazarNews.kg