www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уникалдуу жерди жергиликтүү айылдагылар бизнеске айландырып алды. Бул тууралуу Тынчтык Алтымышев "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылды.
"Чаткал жана Ат-Ойнок кырка тоолорунун тутумдашында, Кожо-Ата суусунун алабында жайгашкан, 1959-жылы Корук катары уюшулуп, 1979-жылы ЮНЕСКО тарабынан биочөйрөлүк коруктардын эл аралык тармагына киргизилген "Сары-Челек" коругу жок болуу коркунучунда турат.
"Жашыл экономика" дегенде оозунан жалын чыккан бийликтегилер бир көңүл буруп коюшса жакшы болбойт беле?! Айрыкча, төрага Нурланбек Шакиев бул маселеде желекти көтөрүп алып, алдыга чыга турган жерде эле...
Коруктун негизги милдети – уникалдуу жаңгак токоюнун комплексин, кооз көлдүн тегерегиндеги кайталангыс ландшафты сактоо жана изилдөө. Аянты 23,8 миң га, анын ичинен көл ээлеген аянт 492 га, жаңгак токою ээлеген аянт - 1600 га. Корукта 981 өсүмдүктөрдүн түрлөрү, алардын ичинде жаңгактан башка көк карагай, кадимки Тянь-Шань карагайы, клён, алма, алмурут, арча, долоно, алча ж.б. кездешет. Жаныбарлардын 40тан ашык, канаттуулардын 150дөн ашык түрлөрү мекендешет.
Эми ушундай уникалдуу жерди жергиликтүү айылдагылар бизнеске айландырып, 70 корукчу, илимий изилдөөчүлөргө деген үйлөр бүгүн 200 түтүнгө жетти. Ар бир короодо 100дөгөн койлор, жылкылар, уйлар. Уникалдуу жаратылыш жайрап, сейрек өсүмдүктөр малдын буту менен жок болуп баратат. Жапайы жаныбарларды атуу адатка айланды. Корук тууралуу мыйзамдын "М"сы иштеген жок. Токойлор отун болууда.
Садыр Жапаров, бул маселени катуу козомолго албасаңыз болбойт!", - деп жазды Тынчтык Алтымышев.
Булак: NazarNews.kg