www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капалов автоунаанын ичинде өзүн атып каза болгон. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, окуя кечээ түнү болжол менен саат 23:00 чамасында болгон. Тез жардам кызматына Чоң-Арык айылында, банкеттик залдардын бирине жакын жерде, автоунаанын ичинде ок тийген жаракат менен жаткан адам табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыккан. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон адам Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капалов экени аныкталган.

Учурда укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тактап жатышат.
 

Последние новости