www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун СИЗОдо камоо мөөнөтүн дагы 2 айга узартты.
Фарид Ниязов 2020-жылдын октябрь окуясы боюнча күнөөлөнүүдө. Ал 2019-жылдын 8-августунан бери камакта. Октябрь окуясынан кийин 4 күн эркиндикте жүргөн.
Бирок андан кийин Ниязов кайра камакка алынган. Ошентип ал 2,5 жылдан бери камакта. 2021-жылдын 22-декабрында Биринчи май райондук соту 2019-жылдын август айында Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча Алмазбек Атамбаевден башка бардык айыпталуучулардын камак мөөнөтүн узарткан жок.
Фарид Ниязов 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча дагы айып тагылгандыктан камакта болорун Замир Жоошев билдирди.
Булак: NazarNews.kg